• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

ШКУнун байкоочулары Кыргызстандагы шайлоону жана референдумду өттү деп тааныйт

11 Үчтүн айы 2021 11:24 Бишкек Govori.TV

Шанхай Кызматташтык Уюмунун байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдумду өттү деп тааный турганын миссиянын жетекчиси Владимир Норов бүгүн, 11-январда басма сөз жыйынында билдирди:

«ШКУнун байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоочу референдумга даярдык учурунан тартып, добуш берүү аяктаганча көз салды. Добуш берүү өнөктүгү Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, ачык өттү. Президенттикке талапкерлерге үгүт иштери үчүн бирдей шарт түзүлүп берилгенине күбө болдук. Миссия Кыргызстанда шайлоо ачык, акыйкат жана легитимдүү өттү эсептейт».

ШКУнун өкүлү байкоочулар миссиясы тарабынан мыйзам бузуулар катталбаганын кошумчалады. Миссиянын башка мүчөлөрү да жетекчисинин сөзүн кубатташты.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өттү. БШКнын сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.

Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.

Адахан Мадумаров — 6,60%, Бабыржан Төлбаев — 2,31%, Мыктыбек Арстанбек — 1.66%, Абдил Сегизбаев — 1.46%, Имамидин Ташов — 1.19% добуш ашылса калган талапкерлерлин добуштары 1 пайыздан төмөн болду. Ал эми баарына каршы графасына шайлоочулардын 1,32% өз добушун берди.

Мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумда президенттик башкарууну колдогондор — 81% ашат. Парламенттик башкарууну жактагандар 10,78%. Экөөнө тең каршылар 4,41%.

Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Буга кошумча, кол менен санай турган бюллетендер да бар. 3 563 574 жаран добуш берүүгө укуктуу. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.

Количество просмотров: 138