• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ШКУнун Run the Silk Road эл аралык марафону Ысык-Көлдө өтөт

13 Чын куран 2023 14:04 Бишкек Govori.TV

ШКУнун Run the Silk Road эл аралык марафону ушул жылдын 13-майында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Катышуучулар деңиз деңгээлинен 1600 метр бийиктикте Ысык-Көлдүн түндүк жээк тарабында жайгашкан уникалдуу трассада чуркашат. Марафондун трассасы AIMS (Марафондор жана чуркоолор эл аралык ассоциациясы) тарабынан тастыкталган. Марафон Дүйнөлүк жеңил атлетика ассоциациясынын (World Athletic) лейблине ээ, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун колдоосу астында өтүүдө.

2021-жылдан тартып Ысык-Көл эл аралык марафонунда спортчулар нормативдерди аткарса Олимпиада оюндарына, Дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия ала алышат.

Катышуучулар төмөнкү аралыкка чуркайт:

марафон — 42 чакырым 195 метр;
жарым марафон — 21 чакырым 97 метр;
10 жана 3 чакырым;
3 жана 10 чакырымга скандинавиялык басуу.

Мындан сырткары, 35-44 жаш, 45-54 жаш, 55-64 жаш, 65 жаштан жогоркулар дагы чуркап, демөөрчүлөр тарабынан атайын сыйлыкка ээ болушат. Марафон, жарым марафон жана 10 чакырым аралыктарда майыптыгы бар адамдарга дагы белектер каралган.

Количество просмотров: 42