• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Штаб: COVID-19 жуктуруу тобокелдиги Бишкекте жогорулап жатат

28 Бугу 2020 11:38 Бишкек Govori.TV

Республикалык ыкчам штаб борбор калаадагы, Чүй жана Нарын облустарындагы эпидемиологиялык кырдаалды талкуулады. Анда коронавирус жуктуруу тобокелдиги Бишкекте жогорулап жатканы айтылды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Белгиленгендей, борбор калаада коронавируска кабылгандар менен түз байланышта болгондугу аныкталбаган жактардын инфекцияны жуктургандыгы катталууда.

«Жарандар коронавирус менен ооругандар менен түз байланышта болбой туруп жана кайда, качан жугузганын билбей, вирустун белгилери бар болгондуктан медициналык мекемелерге өздөрү кайрылган фактылар көп кездешүүдө. Бул жуктуруу очогунун кеңейип жатканын күбөлөндүрөт. Санитардык талаптар, үй карантини, обсервация режими жана башка бекитилген ченемдер катуу сакталышы үчүн коопсуздук чараларын күчөтүү зарыл. Шалаакылык үчүн ар ким жооптуу экендигин эсиңерден чыгарбагыла. Кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбоо керек, инфекцияны жуктуруунун күтүүсүз күчөшүнө жол бербөө зарыл. Коомдук жайларда, коомдук унааларда, адамдар көп топтолгон жерлерде жарандар жеке коопсуздугу үчүн беткап тагынууга тийиш», — деп билдирген Боронов.

Ал Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө тармактык мамлекеттик органдар менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана тигил же бул аймактагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен алдыдагы туристтик сезондун бардык маселелерин иштеп чыгуу зарылдыгын кошумчалады.

Ошондой эле Республикалык штаб жарандарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого, көп адамдардын катышуусундагы иш-чараларды уюштурбоого жана барбоого чакырды.

Количество просмотров: 67