• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

COVID-19дан кийин узакка созулган жөтөл менен кантип күрөшүүгө болот?

24 Баш оона 2022 11:38 Бишкек Govori.TV

Республикалык штаб COVID-19дан кийин узакка созулган жөтөл менен кантип күрөшүүгө кеңеш берет.

Ага ылайык, коронавирус болуп айыккан адамдар узакка созулган кургак жөтөлгө көп кабылышат.

Адамдын жөтөлүүсүнүн 50гө жакын себеби бар – бул өпкөнүн гана эмес, жүрөктүн, жада калса ашказандын оорусу болушу мүмкүн. Дарыгер ар бир учурду өз алдынча кароого тийиш.

«Кургак жөтөлдүн себеби какырык эмес. Мында ал болбойт. Мындай жөтөлгө бронхаларды кеңейтүүчү жөтөлгө каршы дарылар дайындалышы мүмкүн. Суюктукту (суу, чай, компот жана башка), жөтөлгө каршы таблеткаларды ичүү керек», — деп айтылат маалыматта.

Эгерде жөтөл жашооңузга олуттуу ыңгайсыздыктарды жаратса (күчөсө, ден соолукту начарлатса) — дарыгерге кайрылууңуз зарыл.

Количество просмотров: 222