«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов бир тууган Матраимовдордун 24.kg, Kloop жана «Азаттыкка» карата доо арызы тууралуу өз пикирин билдирди.
Анын айтымында, соттор тизгинин тартып, мыйзамга жараша иш алып баруусу керек.
Мындан сырткары, Шыкмаматов 60 млн сомдук доо арыз ЖМКларды жарга такап, жок кылуу аракети экенин кошумчалады.