Өкмөттүн отставкасы менен маселе чечилбейт. Мындай пикирин эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
«Эгерден биз Өкмөттү бул иш менен отставкага кетирсек, аны менен маселе чечилбейт.Башкалардын келүүсү менен эл алаксып, аталган тема башка нукка бурулат. Бул жерде мамлекет башчы катуу көзөмөлгө алса, баардыгы иликтенет. Ал эми ишке тоскоолдук кылган күчтөрдү кызматтан алыш керек»,-деп билдирди депутат Шыкмаматов.