• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Шыкмаматов: Саясий комбинаторлор Бабановду чапкандай эле премьерди оодарат

14 Бирдин айы 2020 11:52 Бишкек Govori.TV

Парламентке быжыраган партиялар келсе, саясий комбинаторлор Бабановду алып ыргыткандай эле премьерди оодарат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Майдан» көрсөтүүсүндө айтты.

«Мисалы Германияда парламенттик шайлоо менен эл президентти шайлагандай эле болушат. Анткени 4 жылга партиялар келет жана эң көп добуш алып келген партиянын лидери премьер-министр болот. Ал утту, аны эл тандаган деп 4 жыл башкарат. Ал эми коалициялык көпчүлүк анын колдоого мажбур болот жана 4 жыл иштейт. Эгерде ошондой туруктуулук болсо 3 пайыз болгону деле жакшы. Бирок кыргыз реалдуулугунда ЖКга быжыраган майда партиялар келсе саясий комбинаторлор бат эле табылып, Бабановду жыга чапкандай, премьерди алып ыргытат», — деди Шыкмаматов.

Количество просмотров: 2316