Балбан Жоламан Шаршенбеков жеңишинен кийин журналисттерге маек куруп, жеңишине ишенгенин айтып, машыктыруучусуна ыраазычылык билдирди. Анын кыскача маегин КТРК Спорт каналы жарыялады.
«Мени чоңойтуп, өстүрүп, ушул даражага жеткирген агайыма ыраазычылыгымды билдирем. Андан кийин ата-энеме рахматымды айткым келет. Улук Карачолоков, Азат Эркинбаев жана Арсен Эралиев деген агайларым бар болгону үчүн Кудайга чексиз шүгүрчүлүк келтиргим келет. Баарыңыздарга чоң рахмат! Кыргыз элим, колдооңор үчүн рахмат. Силерди сүйөм!» — деген Шаршенбеков.