• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Синтетикалык дары-дармектерди өндүрүү лабораториясынын ишине бөгөт коюлду

20 Чын куран 2021 13:33 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, КР ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын аймагында «Мефедрон» аталышындагы синтетикалык дары-дармектерди чыгаруу боюнча турукташкан баңги тобунун иши аныкталып ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Такталгандай, «А.И.» аттуу адамдын жетекчилиги астында дары-дармектерди үзгүлтүксүз өндүрүү үчүн бардык талаптарга жооп берген дары лабораториясынын иштөөсүн уюштуруу менен, жаштардын арасында синтетикалык дары-дармектерди сатуу каналын түзгөн.

2021-жылдын 16-апрелинде атайын жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө, синтетикалык баңги заттарды өндүрүү ишинин жана аларды өзгөчө ири масштабда сатуу аракеттеринде А.И. кармалды.

2021-жылдын 18-апрелинде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кармалган «А.И.» №1-тергөө камак жайына 2 айга камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Тергөө жүрүп жатат.

Маалымат үчүн: баасы 1 гр. Болгон “Мефедрон” Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында болжол менен 5000-6000 сомду түзөт, аны колдонуу адамдын өмүрү жана ден-соолугу үчүн сөзсүз кесепеттери менен нерв системасына терс таасирин тийгизет.

Количество просмотров: 83