• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Сириядан Кыргызстандын 95 жараны атайын учак менен алып келинди

30 Баш оона 2023 10:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-августта кезектеги гуманитардык миссиянын алкагында Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан лагерде турушкан Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча «Айкөл» иш-чарасы өткөрүлдү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, КР президентинин жана министрлер кабинетинин тапшырмаларына ылайык, Сириядан Кыргызстанга атайын учак менен Кыргызстандын жарандары алынып келинди. Алардын 31и аялзаты, ал эми 64ү жашы жете элек балдар.

Кр жарандарын Сириядан репатриациялоонун экинчи этабынын ийгиликтүү ишке ашыруусу тышкы саясат, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жана укук коргоо органдарынын макулдашылган өз ара аракеттенүүлөрүнүн жыйынтыгында ишке ашты.

Кыргыз тарап АКШ өкмөтүнө бул репатриация иш-чарасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ар тараптуу жардам жана материалдык-техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле, БУУнун Балдар фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Крест комитетине өзгөчө ыраазычылык билдирет.

Мындан тышкары, Кыргызстандын министрлер кабинетинин тапшырмасына ылайык КР делегациясы аталган миссиянын алкагында Сириянын түндүк-чыгышында жашап турган калкынын муктаждыктары үчүн керектүү дары-дармектерди жеткиришип, гуманитардык жардам көрсөттү.

Количество просмотров: 172