Кемпир-Абад иши боюнча камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков УКМК төрагасына балдар күнүндө жубайынын камалышы, кызынын ата-энесиз майрамдап жатканы боюнча кайрылуу жасады. Анын билдирүүсү социалдык тармактарга жарыяланды.
«Камчы мырза, бүгүн 31-май балдарды корго күнү сизге кайрылууну туура көрдүм. Силер кош бийлик, өлкөдө ар бир кыргыз баласын бактылуу, келечектүү кылганга милдет алгансыңар, бийликке келүүнөр менен. Ар бир мамлекеттин жана бийликтин камкордугун көргөн бала өлкө патриоту болот. Мамлекеттен кордук көрсө бийликтен көңүлү калат. Өлкө келечегине доо кетет. Кечээ сиздин түздөн-түз буйругуңуз менен кыргыздын бир 13 жашар кызын сиз энесиз жана кароосуз талаада калтырдыңыз. Талаада калды. Себеби ал кыздын атасын дагы 8 ай мурун каматкансыз. Мамлекет, бийлик өзгөчө балдарга гумандуулукту, сүйүүнү, боорукерликти көрсөтөт. Сиз бийликтин зөөкүрлүгүн 13 жашар кызым Айжанга көрсөттүңүз. Бир дагы 30 жылдагы кыргыз бийлиги саясий оппоненттерине, жаман көргөн адамдарына, кичине балдарына чейин кордоп, талаада калтырып, энесинен ажыраткан эмес. Урматтуу Камчы мырза, сиз экөөбүз бири-бирибизди жакшы билебиз. Оппонентиниз катары жигит болсоңуз мени менен күрөшүңүз. Менин үй-бүлө мүчөлөрүм жана жакындарым менен күрөшүп, 13 жашар кызымды кордоо сизге барк алып келсе да, нарк да алып келбейт. 13 жаштагы кызды энесинен ажыратпаңыз. Мындай кадамды Гитлердик фашисттер гана жасашкан»,-деген Равшан Жээнбеков.
26-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Ал Бишкек шаарындагы эки жер тилкенин мыйзамсыз сатылышы боюнча шек саналып жатканын билдирип, коюлган айып менен макул эместигин айткан.
Кошумчалай кетсек, өткөн жылдын 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан жыйырмадан ашуун адам жапырт кармалган. Алардын арасында Равшан Жээнбеков дагы бар.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.