• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Сизди ким уят кылып жатат». Депутат төрагага кайрылып, биригүүгө чакырды

24 Жетинин айы 2022 10:44 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 24-ноябрдагы жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков сөз сүйлөп төрагага кайрылды. Ал өз сөзүндө депутат Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышы тууралуу маселени бүгүн да көтөрүп, аны көз жаздымда калтырбоо керектигин белгиледи.

«Мен кечээ да айткам, бул бир эле Бакиров эмес 90 депутаттын бирөөсүн ушундай кылган бул сыйлабагандык. Биз эл өкүлдөрүбүз. Сиз олтурган 7-кабаттагы кесиптешибиздин эшигин бузуп кирип, иш кагаздарын чыгарып салып жатышат. Ким ушу талкалап, иш бөлмөгө кирип эмеректерин чыгарып жатат. Ким сизди уят кылып жатат, билбейлиби, келсин 15 мүнөт маалымат берсин. Биз депутаттар бир билекке бирикпейлиби», — деди ал.

Эске салсак, 17-ноябрда эл өкүлү Өмүрбек Бакиров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкан. Ташиевге болушуп депутат Фархат Исмаилов кесиптеши менен мушташып кете жаздаган. Эртеси Президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлери уруксаты жок ачып кирип, буюмдарын чыгарып салышкан. Ошондой эле депутатка кат жолдошкон.

Количество просмотров: 1049