• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

«Сизди тарых жаратууга чакырам». Абактагы активист Жогорку Соттун төрагасына кат жазды

28 Бирдин айы 2023 14:43 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отурган активист Эрлан Бекчоро уулу Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбаевди соттук отурумга катышууга чакырды. Активисттин бул тууралуу катын жубайы Шаршекүл Аманова фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды.

Кайрылууда Бекчоро уулу Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалгандар 2022-жылдын 23-октябрынан бери сотту, тергөөчүлөрдү мыйзам талаасына чакырып келе жатканын белгилеген.

«Биздин бул саясий күрөштө сот адилеттүүлүгүн бийликтен талап кылганыбыз сиздин “ сот системасына реформа кылым” деген ниетиңизге чоң жардам. Тилекке каршы мыйзам үстөмдүгү эмес, бийлик үстөмдүгү болуп жатканы белгилүү. Буга чейин 5 жолу соттук отурумда тергөө кызматкерлери тарабынан одоно мыйзам бузуулар болуп жатканын жактоочулар аркылуу өтүнүч келтирилген натыйжа жок. Сиздин ишеним арткан шаардык, райондук соттогу кадрларыңыз биздин мыйзамдуу үнүбүздү уккан жок. Сиз ЖК отурумунда соттор көз каранды болуп жатканын, алыңыз жетпей жатканын мойнуңузга алдыңыз эле. Келиңиз, биз сизге жардам берели. Сизди биздин бөгөт чарабызды караган шаардык сотко чакырабыз. Ошол жерден сиздин кадрлар сизди сыйлабастыгын “ реформа кылам” — деген мээнетиңиз кандай тебеленип жатканын көрөсүз жана соттор алдында кадырыңыз канча экени даана билинет. Сиз үмүт арткан соттор мыйзамдарды, сизди сыйлабаса сиздин бул жогорку кызматта турганыңыз канчалык туура? Кемпир — Абадды коргоп камалган саясий туткундар бул соттук отурумдар аркылуу Президенттин, сиздин “ сот системасына реформа кылам “ деген ниетиңер жалган же чын экенин айгиленеп беребиз! Келиңиз, биздин сотко катышып өз ишиңизге өзүңүз баа берип кетиңиз…

Урматтуу Замирбек Курамаевич! Сизди тарых жаратууга чакырам!», -деп жазылат активисттин катында.

Эске салсак, кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. Алардын айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган же ооруканага жатууга уруксат алган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Количество просмотров: 527