• Жума 19 Кулжа 2026
  • Пятница 19 Июнь 2026

СИЗО-1де шектүү каза болду. Окуянын чоо-жайы айтылды

29 Баш оона 202215:06 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги СИЗО-1де эркек киши каза болду. Бул тууралуу маалыматты Govori.TVга Жазаларды аткаруу кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 28-август күнү таңкы саат 05.40 чамасында СИЗО-1де 1987-жылы туулган, мурда соттолгон жаран эс-учун жоготкон. Ал үстүбүздөгү жылдын 26-августунда Чүй районундагы №26 колониядан СИЗО-1ге киргизилген.

«Нөөмөткө чакырылган фельдшер К.И.Мге биринчи жардам көрсөткөн. Саат 06:26да келген тез жардам кызматы шектүүнүн каза болуп калганын аныктаган. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан Бишкек шаардык медициналык экспертизанын республикалык борборунун кызматкерлери тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарылган»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 4698