Бишкекте скутердин айдоочусу эки жөө жүргүнчүнү сүзүп кетип, алардын бири каза болду.
Кырсык болгон учур видеого түшүп калган.
Милициянын маалыматына караганда, окуя 3-сентябрда болгон. Скутер айдап бараткан 32 жаштагы киши Чүй проспектисинен 29 жана 31 жаштагы эки адамды сүзүп, андан кийин Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан.
Жыйынтыгында кырсыктан скутер сүзгөн 31 жаштагы адам каза таап, экинчи бейтап ооруканага жаткырылган.
Бул факты боюнча Бишкек шаардык милициясынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу, этиятсыздыктан өзгөчө оор зыян келтирүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Скутердин айдоочусу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.