• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыкатар: Коронавирус 100 адамдан табылды. Кайгуул кызматкери пара менен кармалды

7 Аяк оона 2021 14:05 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 7-сентябрдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада өлкө боюнча инфекциядан үч киши каза тапты.
Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2557 адамга жетти.
Соңку бир суткада вирус дагы 100 адамдан табылды.
Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 176 682 кишиге жетти.

Алардын 788и ооруканада жатат, дагы 1139 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 121 адам айыгып чыкты. Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 170 745 киши. 

КАЙГУУЛ КЫЗМАТКЕРИ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

УКМК 64 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек ШИИББдин кайгуул кызматкери А.А.К.ны кармады.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, инспектор өзүнүн таанышы менен сүйлөшүп алып, Бишкек шаарынын тургуну С.К.Б.ны зордуктоо фактысы менен кылмыш жоопкерчилигине тарта турушканын айтып, коркутуп, андан 100 000 сом талап кылышкан. Бирок, укук коргоо органдарында С.К.Б. тарабынан жасалган кандайдыр бир кылмыш катталган эмес.

Жазык кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча КЖБРга катталган сотко чейинки өндүрүшүнүн алкагында А.А.К. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

БИШКЕКТЕ КӨЧӨЛӨР ЖАБЫЛАТ

 Бүгүн, 7-сентябрда саат 17:00дөн 23:00гө чейин Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй жана Фрунзе көчөлөрүнө чейинки аралыгы жабык болот.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, бул Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган футбол боюнча «Үч улуттун кубогу» эл аралык мелдешине байланыштуу.

Ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Исанов менен Панфилов көчөсүнө чейинки аралыгы дагы жабылат.

Количество просмотров: 281