ТҮРКИЯНЫН ТИМ БАШЧЫСЫ КЕЛДИ
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жогорку конокту «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана КРнын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев тосуп алды.
Сапардын алкагында ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
2010-ЖЫЛЫ ЖАБЫРКАГАНДАРДЫН ЖӨЛӨК ПУЛУ КӨБӨЙДҮ
2010-жылдын апрель-июнунда жабыркагандарга төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.
Министрлик кабарлагандай, 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпулдун өлчөмү көбөйтүлдү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 26-декабрь 2023-жылдагы токтомуна ылайык, кошумча социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү 3700 сомдон 4500 сомго чейин көбөйгөн.
БИР СУТКАДА 12 ӨРТ КАТТАЛДЫ
Кыргызстанда бир суткада 12 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоону өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 3 өрт катталган.