• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: 4 дача күйүп кетти. Коомдук транспортто жүргүнчү бычакталды

22 Теке 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КООМДУК ТРАНСПОРТТО ЖҮРГҮНЧҮ БЫЧАКТАЛДЫ

Аламүдүндө коомдук транспортто жүргүнчүнү бычактаган жаран кармалды. Маалыматка ылайык, окуя 21-июль күнү коомдук транспортто болгон. Шектүү О.А аттуу жаранга коомдук транспортто кол салган. Тергөөнүн жүрүшүндө кол салган адамга коомдук транспортто өзүнүн жүрүм-туруму боюнча эскертүү жакпай, ортодо чыр чыкканы аныкталган. Натыйжада шектүү жүргүнчүгө бычак сайган. Жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Бул кылмышка шектелип кармалган Ж.Ж. аттуу адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

ТӨРТ ДАЧА КҮЙҮП КЕТТИ

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күңгөй айылында төрт дача күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 21-июлда түштөн кийин катталган өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылган. Такталган маалыматка ылайык, төрт турак үй толугу менен өрттөнүп, 100 чарчы метр аянттагы кургак чөп күйүп кетти. Күбөлөрдүн айтымында, коңшулардын бири эски кийимдерди өрттөп, мындан чыккан жалындын учкундары кургап турган кургак чөпкө, андан үйлөргө өткөн. Сутка ичинде республиканын аймагында 31 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 33 бөлүм тартылды.

КҮН КАТУУ ЫСЫЙТ

Өлкө аймагында аномалдуу ысык жана кургак аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Гидрометеорология борбору кабарлады. Абанын күндүзгү температурасы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 42 градуска, Чүйдө 41, Таласта 39, Ысык-Көлдүн ойдуңунда 34, Нарында 35 градуска чейин жогорулайт. Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы учурунда организмди суусуздандыруудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат

Количество просмотров: 625