• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: 4 күн ичинде 7 миллион 136 миң сомдук эреже бузуулар катталды

9 Үчтүн айы 2020 13:41 Бишкек Govori.TV

ЖАЛДАГЫ МУШТАШ. ШЕКТҮҮЛӨР КАМАКТА КАЛДЫ
Супермаркеттин жанында эркек кишини аесуз сабаганга шектелгендердин баш коргоо чарасы узартылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Калысбек Сейитбеков менен Жаныбек Бапышев 31-январга чейин камакта болот. Мындай чечимди Свердлов райондук соту кабыл алды.
Эске салсак, Бишкекте мушташтын айынан 2 киши жабыркап, анын бири комага түшүп калган.
Жал кичи районундагы мушташка шектелип жаткан Жаныбек Бапышов жана Калысбек Сейитбеков өздөрү милицияга келген болчу.


БИШКЕКТЕ МАРШРУТКА КЫРСЫККА КАБЫЛДЫ
Бишкекте № 243 маршруттук унаа кырсыктап, 3 киши жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 16:15 чамасында Байтик Баатыр көчөсү менен түштүктү карай бара жаткан «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдун четиндеги тосмону, андан ары даракты сүзүп токтогон.
«Рулду 37 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен 3 киши жаракат алды», — деп айтылат билдирүүдө.


4 КҮНДӨ 4 МИҢГЕ ЖАКЫН ЭРЕЖЕ БУЗУУ БОЛГОН
Кыргызстанда 2019-жылдын 31-декабрынан 2020-жылдын 3-январына чейин 3 миң 999 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, унааларынын айнектерин караңгылатып айдаган 38 айдоочу, мас абалда рул башкарган 94 айдоочу, жасалма номур менен унаа айдаган 6 айдоочу, тиешелүү документи жок 49 айдоочу кармалды.
«Унаа башкарып бара жатып бейбаштык кылган 2 айдоочу, катуу ылдамдык менен жүргөн 637 айдоочу, жол белгилерине баш ийбеген 380 айдоочу жана башка бузуу фактылары менен 3 миңге жакын айдоочу кармалды. Айыппулдардын суммасы 7 миллион 136 миң сомду түздү, анын 485 миңи мамлекеттик казынага өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 82