• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Абакта жаран оозун тикти. Бишкекте унаа өрттөндү

12 Жалган куран 2021 15:53 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы төрт бейтаптын өмүрүн алды. Бир күндө вирус 63 кишиден жаңы аныкталды. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 12-мартта билдирди. Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 86 755 киши болду.


МАРИПОВ ОШ МЕНЕН ЖАЛАЛ-АБАДКА БАРАТ

Премьер-министр Улукбек Марипов 12-13-март күндөрү жумуш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат. Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы бир катар социалдык объектилерге капсула салуу салтанаттарына катышып, айыл чарба объектилеринин иши менен таанышып, Ош облусунун Араван районунун дыйкандары менен жолугушмакчы.

АБАКТА ЖАРАН ООЗУН ТИКТИ

Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып отурган бир адам оозун тигип алды. Бул тууралуу “Азаттык” жазды. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматы кабарлагандай ал адам соттун узак мөөнөткө жазалоо тууралуу өкүмүнө нааразылыгын билдирүүдө. Буга чейин социалдык тармактарда аталган жайга жетекчи болуп келген Марс Жусупбековдун кызматка келишине нааразылык иретинде үч адам оозун тиккени тууралуу маалымат тараган. ЖАМКтын басма сөз кызматы бул боюнча расмий маалымат бере элек.


БИШКЕКТЕ УНАА ӨРТТӨНДҮ

Бүгүн, 12-мартта Бишкектин Киев менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде кичи автобус өрттөнүп кетти. Маалыматка ылайык, өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан улам келип чыккан. Кичи автобустун ичинде жүк болгон. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 1150