• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Абактагы жаран кыйноого кабылды. Бишкектеги коомдук унаада жүргүнчү каза болду

10 Баш оона 2021 14:00 Бишкек Govori.TV


ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирустан алты адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. Жалпысынан өлкөдө таажы илдетинен көз жумгандардын саны 2413 адамга жетти. 10-августка карата вирус дагы 471 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаары менен Чүй облусунда. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 169 971 адамга жетти. Бир күндө 995 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2609 адам жатат, дагы 4481 бейтап үйдөн дарыланууда.

БИШКЕКТЕ ЖҮРГҮНЧҮ КАЗА БОЛДУ

Бүгүн, 10-августта эртең менен Бишкектеги коомдук унаада 30 жаштагы жаран каза тапты. Маалыматты Бишкектин ыкчам медицина борборунун директорунун орун басары Егор Борисов тастыктады. Маалым болгондой, маркум кичи автобуста бара жатканда өзүн жаман сезип баштаган. Медициналык тез жардам кызматына чакыруу саат 08:50дө түшүп, Чүй проспектисиндеги дарек айтылган. Тез жардам кызматынын бригадасы жеткенге чейин эле жаран каза болуп калган. Өлүмдүн себеби белгисиз.

АБАКТАГЫ ЖАРАН КЫЙНООГО КАБЫЛДЫ

Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбору Беловодский айылындагы №16 колонияда жазасын өтөп жаткан адам кыйноого кабылганын билдирди. Маалыматка ылайык, аталган борбордун директору жана кызматкерлери 6-августта №16 колонияны жана №47 түзөтүү мекемесин текшеришкен. Иш сапардын жүрүшүндө тогуз жылга кесилген адам күзөтчүлөр тарабынан кыйноого кабылганын билдирип, арыз жазган. Арыз ээси 5-августта уктап калып, эртең мененки текшерүүгө бир аз кечигип калган. Мындан улам 5-6 күзөтчү аны күчкө салып, камерага сүйрөп кирип, сабаган. Кармалган адамды кара ниет мыйзам бузуучу катары тариздеп, бир айга чейин штрафтык камерада кармашкан. Ал мындай кордукка чыдабай көкүрөгүн кесип салган. Ал киши күзөтчүлөрдү жоопко тартууну суранган.

Количество просмотров: 320