• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Акбөкөн Таштанбеков УКМК абагына киргизилди. COVID-19дан 2 адам көз жумду

7 Бештин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

7-декабрга карата Кыргызстанда 63 адам COVID-19 вирусун жуктурганы лабораториялык жактан аныкталды. Бейтаптардан экөө көз жумганын COVID-19га каршы республикалык штаб кабарлады.

Ушуну менен былтыр марттан бери бул ооруну жуктуруп алган 183 712 адам катталды. Алардын 2762си каза болду.

Өлкөдө COVID-19 инфекциясына каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 7-декабрга карата 2 миллион 615 миңден көбүрөөк адам эмдөөдөн өттү. Алардын 916 миңден ашууну эки дозаны, калганы бир дозаны сайдырышты.

ДЕПУТАТТЫККА ТАЛАПКЕР КАРМАЛДЫ

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбеков убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Мурдараак маалымдалгандай, УКМК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Таштанбековго карата улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

6-декабрда БШК Таштанбековду Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу) боюнча жоопко тартууга макулдук берген.

Ошол эле күнү Таштанбеков айыпталуучу катары алып келинип, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө мөөнөтү аяктаганча камакка алуу чечимин чыгарган.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

ЖАШ КЫЗДЫН ЗОРДУКТАЛЫШЫНА БАЙЛАНЫШТУУ АКСАКАЛДАР СОТУ ӨТТҮ

Чүйдүн Сокулук районунда бойго жете элек кыздын зордукталышына байланыштуу аксакалдар соту өтүп жатат.

7-декабрда Исмаил айылында ондогон адам чогулуп, кылмышка шектүү буга чейин да ушундай иштерди жасаганын жүйөө келтиришти жана аны жазалоону талап кылышты. Айрымдары ал үй-бүлөсү менен көчүп кетиши керектигин, кээ бирлери укук коргоо органдарынын мыйзамдуу жаза беришин күтүү керектигин айтышты.

Жыйынга жабыркаган кыздын туугандары, аким Курманбек Айтибаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, имам жана депутаттар катышууда.

Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 5-декабрда Сокулук райондук милициясына жергиликтүү тургун кайрылып, 16 жаштагы кызын белгисиз адам уруп, зордуктаганын билдирген. Тергөөнүн баштапкы маалыматында «ал кызды Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп зордуктаганы» айтылат.

Жазык кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, 31 жаштагы эркек камакка алынган.

Количество просмотров: 119