• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Активист Аспеков абактан сабалдыбы? Ысык-Көлдөгү жайыт жер мамлекетке кайтарылды

14 Бугу 2021 13:47 Бишкек Govori.TV

ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан алты бейтап каза болду. Муну менен илдеттен каза тапкандардын саны 1687 кишиге жетти. 14-майга карата 200 кишиден вирус жаңы аныкталды. Мурда ооруп жаткандардын ичинен 235 киши сакайып чыкты. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 99 845 киши вирус жугузуп алды. Анын 92 953ү сакайып чыкты. Учурда 1758 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 86 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды. Кыргызстанда Кытайдын «SinoPharm» жана Орусиянын «Спутник V» вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий маалыматка ылайык, ушул күндөрү 50 миңден ашуун киши вакцина алды.

АКТИВИСТ АБАКТАН САБАЛГАНЫН АЙТТЫ

Активист Мелис Аспеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын тергөө абагында ур-токмокко алынганы жана тергөө абагынын кызматкерлери кыйноого алып жатканы тууралуу социалдык тармактарда тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Аталган маалыматка текшерүү жүргүзүлүп, Аспеков жаракат алганы боюнча көрсөтүлгөн сүрөттөр ушул жылдын март айынын башында тартылганы аныкталды. Аспековдун өзүнүн айтымында, ал ушул жылы 4-мартында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна барганда денесинен жаракат алганын айткан. Ал денеге залал келтирүүнүн келип чыгуу себебин билдирүүдөн баш тарткан жана УКМКнын тергөө абагынын кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экенин билдирген. Ага ушул жылдын 11-мартындагы түзүлгөн Акт күбө болуп турат. УКМК Мелис Аспековдун бул аракеттерин коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруу аракети катары баалайт. Эске салсак, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган жарандык активист Мелис Аспеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын СИЗОсундо кыйноолорго кабылганын билдирип, эки буту көгөргөн сүрөттөрдү Фейсбук баракчасына жарыялаган.

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ ЖАЙЫТ ЖЕР МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ

Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан 3,48 гектар жердин жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Ысык-Көл райондук сотунун 2015-жылдын 6-июлундагы чечими менен жайыт катары эсептелген 3 086 000 сомдук жер тилкеси К.А. аттуу жарандын жеке менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги такталган. Бул кыймылсыз мүлктү мамлекетке кайтаруу максатында, облустук прокуратура райондук соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндөгү доо арыз менен облустук сотко кайрылган. Апелляциялык инстанциядагы сот прокурордук чара көрүү актысын толугу менен канааттандырды. Прокуратуранын кийлигишүүсүнүн менен белгиленген жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлдү.

Количество просмотров: 182