• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: «Акылдуу жол чырактар» орнотулуп жатат. Мыйзамсыз курулган ири  объекттер буздурулабы?

12 Үчтүн айы 2024 14:01 Бишкек Govori.TV

МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШТАР БУЗДУРУЛАТ

Кыргызстанда январь айынын башынан тарта мыйзам бузуу менен курулган коммерциялык объекттерди аныктоо боюнча комиссия иштеп жатат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинини директору Нурдан Орунтаев билдирди. Анын айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгында комиссия бузула турган объекттердин, анын ичинде ири объекттердин тизмесин сунуштайт.

“Белгилүү талаптар бар, алар аткарылбаса, биз имараттарды бузууга аргасыз болобуз. Комиссиянын ишинин жыйынтыгын күтүшүбүз керек ”, — деди Мамкурулуштун башчысы.

БИШКЕКТЕГИ АБАНЫН САПАТЫ

Бишкек шаарындагы абанын сапаты жакшырды, деп билдирет Жаратылыш ресурстарын коргоо, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы.

IQAir жарыялаган маалыматка таянсак, 12-январь, саат 09:00гө карата Бишкектеги абанын булгануусу 45 AQI болду.

Бул көрсөткүч абанын сапаты «жакшы» дегенди билдирет.

“АКЫЛДУУ ЖОЛ ЧЫРАКТАР” ОРНОТУЛАТ

Бишкекте жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасын ишке киргизүү башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, мэр Айбек Жунушалиев жол чырак объектилерин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, белгиленген мөөнөттө ишти аягына чыгарууну тапшырды.

«Биринчи этапта борбор калаанын 21 кесилишине, андан кийин 100 кесилишке датчиктер орнотулат. Жалпысынан системаны шаар боюнча ишке ашыруу пландаштырылууда – 350гө жакын кесилиштер, аларда унаалардын агымын эсептей турган тиешелүү датчиктер орнотулат. Жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системаларын ишке киргизүү тыгындарды азайтып, жол жүрүү убактысын кыскартып, айдоочуларга жана шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзөт»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 79