• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Алайда милиция кызматкери өлтүрүлдү. Депутат Жолдошбаевдин унаасы айып короого токтотулду

29 Үчтүн айы 2021 14:37 Бишкек Govori.TV


АЛАЙДА МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ ӨЛТҮРҮЛДҮ

Алай районундагы Гүлчө дарыясынын жээгинен милиция кызматкеринин сөөгү табылды. Ал Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн 32 жаштагы участкалык кызматкери экени аныкталды. Маркумду сырттан кароо жүргүзүлүп, башында, оң кулагынын үстүндө, колдорунда жана бетинде жараттар табылып, киши колдуу болгону аныкталганын Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

ДЕПУТАТТЫН УНААСЫ АЙЫП КОРООГО ТОКТОТУЛДУ

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин унаасы жол кырсыгынан кийин айып короого киргизилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады. Жол кырсыгы 28-январь күнү Тимирязев жана Чокморов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жерине милиция кызматкерлери барган. Lexus 570 үлгүсүндөгү унаанын 1991-жылкы И.А. аттуу айдоочусу Чокморов көчөсү менен чыгышты көздөй бара жатып Mercedes автосу менен кагышкан. Андан кийин жолдун четинде токтоп турган Honda Accord унаасын сүзүп алган. Lexus унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден кетип калган. Бирок бир нече убактан кийин кайра кайтып келип, жол кырсыгы тууралуу “102” кызматына кабарлаган. Жабыркагандар жок. Азыркы учурда үч автоунаа тең айып пул төлөөчү жайга токтотулду.


КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 менен пневмониядан бир адам каза болуп, 74 кишиге вирус жукканы маалым болду. Илдеттин курмандыктары жалпы 1409 кишиге жетсе, пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын саны 80 643тү түздү. Стационарда 600 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 180 адам оор абалда, 23 киши өтө оор абалда жатат. Амбулатордук дарыланууда 792 адам бар. Илдетти жугузуп алган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4171 киши болду, алардын ичинен 4087и айыгып чыкты.

Количество просмотров: 202