• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Аскар Акаев УКМКда сурак берүүдө. Коронавирустан 2 адам көз жумду

15 Бештин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 15-декабрга карата коронавирус дагы 28 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Ал эми бир суткада 43 адам илдеттен сакайып чыкты, эки  бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 317 бейтап, амбулатордук түрдө 354 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 55 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 123 киши айыгып чыкса, 2 миң 775 адам каза болду.

АКАЕВ СУРАК БЕРҮҮДӨ

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Улуттук коопсуздук комитетинде сурак берүүдө. Аскар Акаев 14-декабрда «Кумтөр иши» боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн келген. Ал өлкөдө беш-алты күн болору белгилүү болду.

Акаев быйыл 2-августта “Кумтөр иши” боюнча тергөө менен кызматташуу үчүн Кыргызстанга учуп келген. Бишкекте бир апта сурак бергенден кийин кайра Орусияга кеткен. Ал өзү тергөө менен кызматташуунун алкагында кепилдик менен келгенин жарыялаган.

Атайын кызмат кенге байланыштуу бардык келишимдерден коррупциялык фактылар аныкталганын жана мурдагы аткаминерлерге иш козголгонун кабарлаган.

Өлкөнүн азыркы бийлиги Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд Компани” президенттерди «сатып алганын» далилдөөгө аракет жасай турганын билдирип, буга байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

ЖЕТИГЕНОВДУН ТАРАПТАШТАРЫ НААРАЗЫЧЫЛЫК АКЦИЯГА ЧЫГЫШТЫ

ЖКнын имаратынын астына Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурган депутат Бакыт Жетигеновдун тарапташтары нааразычылык акциясына чыгышты.

Алар депутаттык комиссиянын Бакыт Жетигенов боюнча чыгарган корутундусун кароону талап кылууда.

Бүгүн, 15-декабрдагы парламент жыйынына Улуттук коопсуздук комитети камакка алган депутат Бакыт Жетигенов боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу чыгарылмак. Бирок Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы парламент жыйыны кийинки жумага жылдырылганын билдирди.

УКМК депутат Жетигеновду “Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармаган.

Количество просмотров: 137