• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Атамбаев сотто тартип бузду. Экс-президент Жээнбековду жоопко тартуу талабы айтылды

8 Чын куран 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 8-апрелге карата COVID-19дун жаңы 1 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, коронавирустун жаңы учуру Чүй облусунда катталган.

Ал эми акыркы суткада 9 адам илдеттен сакайып чыгып, илдеттен каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 90 бейтап, амбулатордук түрдө 19 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 969 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 288 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

ЖЭЭНБЕКОВДУ ЖООПКО ТАРТУУ ТАЛАП КЫЛЫНДЫ

Бүгүн, 8-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдында Октябрь окуяларында жабаркагандар жана алардын жакындары митингге чыгышты.

Чогулгандар ошол кездеги президент Сооробай Жээнбековду, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаевди жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жоопко тартылышын талап кылышты.

Ошондой эле, нааразылык акциясына чыккандар дарыланууга муктаж экенин, алган жараатынан улам ишке жарамдуу болбой калганын айтышты.

Эске салсак, 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар Бишкекте нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ал башаламандык менен коштолуп, бир адам каза болуп, ондогон адам жаракат алган.

АТАМБАЕВ СОТ ЗАЛЫНАН ЧЫГАРЫЛДЫ

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу соттук отурумдарга катыша албай турганын айтып, аны сот залына алып келбөөнү талап кылды.

8-апрелде 2020-жылдагы Октябрь окуялары боюнча кылмыш ишин караган соттук жараян учурунда үч грыжасы бар экенин, отура албай турганын айтып айнек тосмону тепкиледи.
«Мени судья сотко катыштырбайт деп ишенем, анда ушундай укук бар. Өмүр бою кескиле мени, бирок мени кыйнап, шылдыңдоону токтоткула», — деди Атамбаев.
Мындан кийин аны сот залынан алып кетишти.
Буга чейинки соттук жараян учурунда Атамбаев өзүн жаман сезип, аны «Тез жардам» унаасы алып кеткен.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевге «Батукаев иши», Кой-Таш окуялары, Октябрь окуялары боюнча, мындан тышкары кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо, Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү деген айыптар тагылган.

Количество просмотров: 276