• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Атамбаевдин тарапташтары Асылбек Жээнбековго каршы арыз жазды

22 Тогуздун айы 2019 15:58 Бишкек Govori.TV

Асылбек Жээнбековдун үстүнөн Башкы прокуратурага арыз түштү

КСДП партиясынын Саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Асылбек Жээнбековду кылмыш жообуна тартуу өтүнүчү менен Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул туурасында Султанбеков өзү Facebook социалдык тармагындагы баракчасында билдирди. Темирлан Султанбеков Асылбек Жээнбековго карата Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча эки берене менен кылмыш иши ачылыш керек деп билдирет. 

Алга Кылычевдин камакта калуу мөөнөтү узартылды

Биринчи Май райондук сотунун маалыматына ылайык мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы болгон Алга Кылычевдин камакта калуу мөөнөтү узартылды.Белгилүү болгондой, Алга Кылычев 9-декабрга чейин камакта болот.Эске салсак, Атамбаевдин тарапташтары Амантур Жамгырчиев, Марат Шаменов, Алга Кылычев, Кыяс Смаилов, президенттин аппаратынын мурунку башчысы Фарид Ниязов жана башкаларга «Массалык башаламандык уюштуруу», «Адам өлтүрүү», «Барымтага алуу» беренелери боюнча айып тагылууда.

Кыргызстандын эки облусу дүйнөлүк “Кол өнөрчүлөрдүн шаары” макамын алышы мүмкүн

Кыргызстандын эки облусуна “Кол өнөрчүлөрдүн шаары” макамын берүү үчүн Дүйнөлүк кол өнөрчүлүк боюнча комиссия келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, комиссия мүчөлөрү кооперативдерди, кол өнөрчүлөрдүн өнөрканаларын, музейлерди жана кол өнөрчүлүккө үйрөтүүчү окуу жайларды кыдырып, облустарга баа берет. Белгилей кетсек, ушул жылдын май айында Маданият министри Азамат Жаманкуловдун катышуусу менен кол өнөрчулөрдүн шаарын түзүү боюнча демилгечи топтун жумушчу жыйыны болуп өткөн.

Количество просмотров: 123