• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Аялын унаага сүйрөткөн жаран кармалды. Кар көчкү түшүү коркунучу бар…

19 Бирдин айы 2020 12:40 Бишкек Govori.TV

АЯЛЫН УНААГА СҮЙРӨТКӨН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
Аялын унаа менен 5 метрге чейин сүйрөп барган Оштун тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 17-февралда болгон. 43 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну Жапалак айылында аялын мончодон кийин тосуп алып, ага зомбулук көрсөтөт.
«Жабырлануучунун айтымында, ал мончодо курбулары менен кармалып калган. Чыкса жолдошу кызганып унаа менен сүзүп, жыгылып калганда өтүп кетип, кайра кайрылып келип колунан кармап, унаа менен кошо жүгүрткөн. Жубайы кулап калганда 4-5 метрге чейин унаа менен сүйрөп кеткен», — дейт милиция.
Жабырлануучу учурда ооруканада.
БЛОГЕР 2 АЙГА КАМАЛДЫ
Аймактык бөлүп-жаруу маселесин козгогон блогер Sydyman эки айга камалды. Элмир Сыдыманов инстаграм баракчасы аркылуу түндүк-түштүк маселесин козгоп, Ош облусунун жашоочуларуна акараат келтирген сөздөрдү айткан. Анын сөзүнө сындар айтылып, шоу-бизнес жылдыздары жана белгилүү инсандар ынтымакта болууга чакырышкан.
Элмир Сыдыманов кечирим сурап, сөзү өзүнүн хейтерлерине гана багытталганын айткан.
Укук коргоо органдары тарабынан ага «аймактык кастыкты козгоо» айыбы тагылууда.
КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮ КОРКУНУЧУ БАР
2020-жылдын 19-февралынан 21-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90 чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 226