• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Азербайжан менен Армениянын чек арасында ок атышуу болду. Коронавирустан 1 млн адам каза болду

29 Аяк оона 2020 14:09 Бишкек Govori.TV

Сооронбай Жээнбеков Венгрияда

Президент Сооронбай Жээнбеков 28-сентябрда, расмий иш сапары менен Венгрияга барды. Расмий визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Алар Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту. Ошондой эле Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө меморандумга жана эки тараптуу кызматташуу жөнүндө башка документтерге кол коюлду. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын делегациясынын катышуусунда Будапешт шаарындагы гүлбакка Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды.

Коронавирустан 1 млн адам каза болду

Коронавирустан каза болгондордун саны 1 000 646 миңге жетти. Бул тууралуу Жон Хопкинс университетинин сайтындагы онлайн эсептегичтен көрүүгө болот. Маалыматка ылайык, ковид-19дан каза тапкандардын саны боюнча АКШ биринчи орунда катталган-205 072 адам. Кийинкиде Бразилия турат – 142 58 өлүм, жана Индия-96 318 өлүм. Ал эми ковид19 менен ооругандардын саны дүйнө боюнча 33 млн болсо, алардын 23 миллиону айыгып чыккан.

Азербайжан менен Армениянын чек арасында ок атышуу болду

Азербайжан менен Армения чектешкен “Тоолуу Карабакта” 27-сентябрдан тартып кырдаал курчуп барат. Аталган аймактын аскер жетекчилери, чек арадагы ок атышуулардан улам 31 жоокер жана эки жай тургун мерт болушкандыгын айтышууда. Бирок канча адам каза болгондугу тууралуу азырынча так маалымат жок. Аймактын Коргоо министрлиги “Азербайжан 200 аскерин жоготту» деп билдирүү таратты. Ал эми Армениянын коргоо министри Арцрун Ованнисян атышууда 100дөй киши жарадар болгонун, алардын бир бөлүгү Ереванга жеткирилгенин айтты.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Армениядан «Азербайжандын оккупациялап алган жерлеринен токтоосуз түрдө чыгып кетүүнү» талап кылды.

Коронавирустун дымагы күчөдү

Коронавирустун дымагы кайрадан күчөп баштаганы сезилүүдө. 29-сентябрьга карата 167 адам бул илдетти жугузуп алышкан. Бул көрсөткүч бир күн мурункудан 63 учурга көбүрөөк. Ошондой эле ооруканада даарыланып жаткан 142 бейтап айыгып чыгышкан. Учурда 2 245 адам даарыланууда. Ал эми акыркы суткада, эки медицина кызматкери коронавирус жугузуп алышкан.

Количество просмотров: 50