• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Ажылык сапарга баруучуларды каттоо башталат. Автобустун айдоочусу 2 адамды сүзүп кетти

25 Тогуздун айы 2023 14:06 Бишкек Govori.TV

АЖЫЛЫК САПАРГА КАТТОО

2024-жылы ажылык сапарга баруучуларды каттоо 9-ноябрда башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка караганда, ажылык сапарга баруунун каалагандар ID-карта менен барып, электрондук каттоодон өтүшү, акчасын алдын ала банк аркылуу төлөшү керек.

Төлөм «РСК Банк» аркылуу жүргүзүлөт.

ОКУУ ЖАЙЛАРДАГЫ КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУ

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) каттоо 27-октябрга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт.

Кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга онлайн каттоо Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун электрондук платформасында райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт.

Ведомстводон кышкы кабыл алуу боюнча ЖРТга катышуу орто билимге же кесиптик орто билимге ээ адамдарга гана уруксат берилерин эскертет. Ал эми 2024-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө (мектептердин 11-класстарынын же техникумдардын, колледждердин бүтүрүүчү (акыркы) курстарынын окуучуларына, жогорку окуу жайлардын студенттерине) уруксат берилбейт.

АВТОБУСТУН АЙДООЧУСУ 2 АДАМДЫ СҮЗҮП КЕТТИ

Бишкекте автобустун айдоочусу жөө адамдарды сүзүп, бирөө каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-октябрда саат 14:30 чамасында №48 автобустун 1968-жылы туулган айдоочусу Жибек-Жолу көчөсүндө чыгыш багытка бара жатып, Ала-Арча көчөсүнүн кесилишине жетпей жөө өтмөктөн эки адамды сузүп алган.

Натыйжада жөө жүргүнчү 1939-жылы туулган Т.И. окуя болгон жерден өзүнө келбестен каза болгон. Жабыркаган жөө жүргүнчү 1975-жылы туулган Т. С. баш мээси чайкалып, башынан жаракат алып Улуттук ооруканага жаткырылган. Учурда автобус унаасы айып аянтына токтотулуп, тийиштүү экспертизалары дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 117