• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Ажылыкка кезекке тургандар акчасын ала алат. Бейшеналиевдин орун басарлары кызматка кайтарылды

18 Баш оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

СОТ БЕЙШЕНАЛИЕВДИН ОРУН БАСАРЛАРЫН КЫЗМАТКА КАЙТАРДЫ

Бишкектеги Биринчи май райондук соту Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри болуп турганда иштен алган кызматкерлердин арызын канааттандырды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, аталган министрликте бөлүм башчы болуп иштеген Айнура Акматованы, Гүльмира Ибраеваны жана Азамат Жумакеевди кайра кызматына коюу, иштен алынган учурдан берки айлыктарын төлөп берүү тууралуу чечими чыкты.

Ушул жылдын май айында саламаттык сактоо министринин орун басарлары, бөлүмдөрдүн жетекчилери Бейшеналиевди кызматтан алуу өтүнүчү менен бийликке кайрылышкан. Ошол маалда Германияда жүргөн Бейшеналиев Кыргызстанга келгенде бул кайрылууга кол койгон айрым кызматкерлерди иштен алган. Кызматтан кетирилгендер болсо сотко даттанышкан.

Бейшеналиев өзү 2-июнда «коррупцияга» айыпталып камакка алынып, 16-июнда кайра үй камагына чыккан. Башкы прокуратура Бейшеналиевге жалпысынан жети кылмыш ишин козголгонун билдирген. Бейшеналиевдин адвокаты Кайсын Абакиров 16-августта вакцинага байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулганын кабарлаган.

АЯЛЫН САБАГАН ЖАРАН РОССИЯГА КЕТҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛГАН

Сокулук районунда аялын көгала кылып аёосуз сабаган жаран милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү 1989-жылы туулган А.Н. Орусияга качып кетүүгө аракет кылып жатканда кармалган.

«Жабырлануучунун арызы Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергеп-иликтөө башталды жана тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 17-августта жолдошу тарабынан ур-тепкиге алынган аял милицияга кайрылган.

АЖЫЛЫК САПАРГА КЕЗЕККЕ ТУРГАНДАРДЫН АКЧАСЫ КАЙТАРЫЛАТ

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) 2019-жылдан ушул кезге чейин акчасын төлөп ажылык сапар үчүн кезекте турган жарандарга кайрылды. Анда алар ажылык сапар үчүн берген акчасын кайтарып алышы керектигин, ошол эле маалда кезеги сакталып тура берерин билдирди.

Быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстанга ажылыкка барууга 2766 квота бөлгөн жана сапардын жалпы баасы 5500 доллар болгон. Коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020 жана 2021-жылдары зыярат убактылуу токтоп турган.

Количество просмотров: 477