• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Соңку жаңылыктар: “Бүтүн Кыргызстан” саясий кадамдарга бараарын жарыялады

4 Аяк оона 2020 14:06 Бишкек Govori.TV

“Бүтүн Кыргызстан” саясий кадамдарга бараарын жарыялады

4-сентябрга карата коронавирус жуккан жаңы 92 учур катталды
Кыргызстанда 4-сентябрга карата коронавирус жуккан жаңы 92 учур катталды. Анын ичинен 33 адамда коронавирус аныкталса, 59 бейтап пневмонияга кабылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди. Анын айтымында акыркы сутка ичинде Кыргызстандын аймагында дагы 252 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып, ооруканадан чыгышкан. Ал эми каза болгон учур катталган эмес. Белгилей кетсек дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 26 млн ашкан. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.


“Бутун Кыргызстан” саясий кадамдарга бараарын жарыялады

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын бүгүнкү маалымат жыйынында Өмүрбек Суваналиев, аталган партиянын парламенттик шайлоодон четтетилиши “саясий чечим” болгондугун, жана мындан ары алар дагы саясий кадамдарга бараарын белгиледи. Өмүрбек Суваналиев: Биздин партия күчтүү каршылаш болгондуктан Жогорку Кеңештен көргүлөрү келбейт. Ошондуктан ушундай чечимди чыгаршыты. “Бүтүн Кыргызстанды” шайлоого өткөрбөй коюу чечими саясий чечим болду”, – деп билдирди.
Эске салсак, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого каттабай койгон. Буга себеп, аталган партия талапкерлерди аныктоодо эреже бузган деп көрсөтүлгөн.

Навальный ууланардан мурун тартылган фильм жарыяланды

Алексей Навальный ууланардан мурун тартылган тасма жарыяланды. Иликтөө «Бирдиктүү Орусия» партиясынан шайланган Томскидеги депутаттарын коррупциялык иштерине арналган. Ошондой эле иликтөөдө аймактык коммуналдык ишканаларынын жетекчилерине таандык элиталык кыймылсыз мүлктөр да көрсөтүлгөн. Эскерте кетсек 44 жаштагы Навальный 20-августта Томск шаарынан Москвага баратып, учактан эсин жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, активист ооруканага жеткирилген. Эки күндөн кийин аны Германияга алып кетишкен. Учурда Навальный Берлиндеги Шарите ооруканасында комада жатат.

Медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Кечээ, 3-сентябрда медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалытына ылайык, бул жолу инфекция очокторунда өз өмүрүн тобокелге салган Нарын жана Жалал-Абад облустарынын, Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлери эс алууга жолдомо алышкан. Алар “Эне Сай” пансионатында 7 күн эс алып кайтышмакчы.

Количество просмотров: 3138