• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бакиевдин жубайы көз жумду. Башкы прокурордун орун басары иштен алынды

17 Үчтүн айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

АТ-БАШЫДА ОКУУЧУЛАР ОНЛАЙН ОКУЙТ

Бүгүн, 17-январдан тарта Нарын облусунун Ат-Башы районундагы мектептер окутуунун онлайн форматына которулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим өлкөдөгү катуу сууктан улам кабыл алынган. Ат-Башы районунда жалпы 21 мектеп бар.

“Учурда райондук мамлекеттик администрация менен бала бакчалардын иши боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, мындан тышкары, Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу бардык мектептер аралыктан билим берүүгө которулган.

БАШ ПРОКУРОРДУН ОРУН БАСАРЫ АЛМАШТЫ

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Султанов Улукбек Ташболотович башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Жапаров кол койгон дагы бир Тескемеге ылайык, буга чейин аталган кызматтагы Абай Молдокматов кызматынан бошотулган.

Буга чейин президенттин администрациясы Сузак районунда милиция кызматкерлеринин кармалышына байланыштуу прокуратура органынын беш жетекчисин кызматтан алууну сунуштаган. Андагы маалыматта Сузак районунда милиция кызматкерлеринин кармалышынан кийин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жумушчу топ түзүлүп, текшерүү иштери жүргүзүлгөнү айтылат.

БАКИЕВДИН ЖУБАЙЫ КӨЗ ЖУМДУ

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшева Минск шаарында 15-январь күнү көз жумду. Маалыматка ылайык, ал акыркы үч жылдан бери ооруп жүргөн. 45 жаштагы Төлөмүшеванын сөөгү мекенинде, тагыраагы Тогуз-Тородо эртең жерге берилет.

Эске салсак, Курманбек Бакиев менен Назгүл Төлөмүшеванын эки баласы бар — кызы Лейла жана уулу Данияр. Алар 1995-жылдан бери чогуу жашап келишкен.

Курманбек Бакиев 2005-жылдагы Март ыңкылабында бийликке келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен. Ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.

Бакиевге жана жакындарына онго жакын факты боюнча айып тагылган. Курманбек Бакиев сыртынан соттолуп, 30 жылга эркинен ажыратылган.

Количество просмотров: 263