КОРОНАВИРУСТУН 88 ЖАҢЫ УЧУРУ КАТТАЛДЫ
18-июлга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусунун дагы 88 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Маалыматка караганда, учурда бейтаптардын 75и үйдө дарыланып жатат, 13ү ооруканада. Аныкталган 88 учурдун ичинен: 72 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышкан, 2 адамда өлкөдөн учууга байланыштуу ПЧР-тест тапшырууда аныкталган. 8 учур чет өлкөдөн келгендерден аныкталган (Корея, Литва, Венгрия), 6 учур оорулуу менен байланышта болгон адамдардан аныкталган. 2022-жылдын 18-июлуна карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада.
БАЛА БАКЧА КЫЗМАТКЕРИ 6 БӨБӨКТҮ СҮЗҮП АЛДЫ
Баткендин Лейлек районунда бала бакчанын кызматкери унаасы менен алты бөбөктү коюп кеткен. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 15-июлда саат 11:30дар чамасында Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу “Шумкар” балдар бакчасынын кызматкери 43 жаштагы аял өзүнүн унаасын көлөкө жерге токтотоюн деген. Унаа көлөкө жерде ойноп жаткан бала бакчанын алты тарбиялануучусун коюп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 3 бала денесинен жараат алып, Кулуңду айылдык ооруканасына жеткирилген. Жабыркаган жаш балдардын бирөө оор абалда. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөө иштеринин жүрүшүндө тийиштүү экспертизалар дайындалып, А.А.нын айдоочулук күбөлүгү жок экендиги аныкталып, унаасы айып төлөөчү короого киргизилди.
ЧҮЙДӨ 223 БУКА ЖАНА 30 МИҢ ТҮК ЧӨП КҮЙДҮ
Чүйдүн Аламүдүн районунун Пригородное айылында сарайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ферманын жалпы аянты болжол менен эки миң чарчы метрди түзгөн. Өрттү өчүрүүгө жети бөлүм, үч суу ташуучу унаа, өрт өчүрүү штабы жана ыкчам топ тартылган. Өрт түнкү саат 2:03тө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда. Кырсыктын кесепетинен болжол менен 223 бука жана 30 миң түк чөп күйгөн.