• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Батирден кемпирдин сөөгү табылды. Жүк ташуучу унаа менен маршрутка кагышты

5 Баш оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖҮК ТАШУУЧУ УНАА МЕНЕН МАРШРУТКА КАГЫШТЫ

Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унаа менен маршрутка кагышкан. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусундагы Бишкек – Ош унаа жолунун 401-чакырымында «Хово» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кичиавтобус сүзүшкөн. Кичиавтобус каршы тилкеге чыгып кеткен.

Аталган факт боюнча тиешелүү экспертзалар дайындалып, тергөө жүрүүдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандардан жол эрежелерин сактоону өтүнөт.

БАТИРДЕН  КЕМПИРДИН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Токмок шаарында батирден кемпирдин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин куткаруучулары Токмок шаарынын Сарыбагыш көчөсүндө жайгашкан үйдүн батирлеринин биринин бекилип калган эшигин ачканда, батирдин ичинен 1942-жылы туулган М.В. аттуу аял кишинин сөөгү табылган.

Маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.

КЫШКА ДАЯРДЫК

Бишкекте кышкы мезгилге көмүр даярдоо боюнча иштер кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көмүр камдоо июль айында башталган.

Мэриядан белгилешкендей, Биринчи май районунун аймагында отун базалары жок, бирок жыл сайын күз-кыш мезгилиндеги жылытуу мезгилинде көмүр сатуучу 20га жакын стационардык пункттар ачылат.

Мэриядан кошумчалашкандай, ошондой эле жыл сайын күз-кыш мезгилиндеги жылытуу мезгилинде көмүр сатуу боюнча 20га жакын стационардык пункттар ачылат.

Свердлов районунун аймагында Достоевский көчөсү, 1 дарегинде 1 көмүр базасы бар.

Октябрь районунун аймагында Кара-Жыгач конушундагы Сары-Өзөн көчөсү, 98а дарегинде «Глобал Азия Пропертис» ЖЧКсынын 1 көмүр базасы бар.

Количество просмотров: 212