• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Баткенде гумжардам таратылды. Жекшеналиев ооруканага алынып келинди

22 Аяк оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖК ЖАБЫК ЖЫЙЫН КУРУУДА

Кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги соңку окуялар жана азыркы абал бүгүн 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жабык каралууда. Мындай чечимди депутаттар кабыл алган.

Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана коргоо министри Бактыбек Бекболотов айтып берип жатышат.

Быйыл 14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

БАТКЕНДЕ ГУМЖАРДАМ ТАРАТЫЛДЫ

Бүгүн, 22-сентябрга карата Баткенде Кыргызстандын ар тарабынан жөнөтүлгөн 1 миң 131 тонна гуманитардык жардамдын 959 тоннасы жер-жерлерге таратылып берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев билдирди.

Анын айтымында, ӨКМ кызматкерлери тарабынан гумжардамдарды кабыл алуу, бөлүштүрүү жана жеткирүү иштери улантылууда.

“Азыркы учурда кампада 173 тонна гумжардам бар. Ар бир жерге келген гумжардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү боюнча айыл өкмөт жана райондук деңгээлде кампалар ачылып, жер-жерлерге жеткирүү иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, гумжардам жетпей жаткан учурда жарандар “102” кызматы аркылуу кайрылып, даректерин беришсе, кошумча жеткирүү уюштурулат», — деди ал.

КАМАКТАГЫ БЛОГЕР ООРУКАНАГА АЛЫНЫП КЕЛИНДИ

Камактагы блогер, 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев ооруканага алынып келинди. Бул тууралуу активист Эрлан Бекчоро уулу социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Бүгүн Ырыс ооруп жатканына байланыштуу ооруканага алып келишти. Башы, жүрөгү, белин текшертишти», — деп жазат ал.

Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган.  Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («калайман башаламандык») 3-бөлүмүнө («бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш ишин козгогон. Бишкек шаардык соту 2-сентябрда Жекшеналиевдин бөгөт чарасын карап, райондук соттун аны 14-октябрга чейин камакка алуу чечимин күчүндө калтырган.

Количество просмотров: 109