• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бейшеналиев кызматына кайтып келеби? Ууруга баштыгын жулдурган аял жаракат алды

17 Баш оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

БЕЙШЕНАЛИЕВ КЫЗМАТЫНА КАЙТЫП КЕЛЕБИ?
Алымкадыр Бейшеналиевдин Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчиси кызматына кайтуусу жөнүндө маселе боюнча чечим кийинки жумада кабыл алынат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Эскерте кетсек, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон вакцинага байланыштуу кылмыш иши кыскартылганы маалымдалган. Мурда ал ээлеген кызматынан убактылуу четтетилген болчу.
Ал эми Алымкадыр Бейшеналиев жергиликтүү маалымат каражаттарына комментарий берип, кайра өз иш ордуна барууга даяр экенин билдирди. Ал буга байланыштуу президент Садыр Жапаровдун чечимин күтүп жатканын белгилеген.

УУРУГА БАШТЫГЫН ЖУЛДУРГАН АЯЛ ЖАРАКАТ АЛДЫ
Бишкекте ууруга баштыгын жулдурган аял жаракат алып, ооруканага түштү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 24-июль күнү болгон. Пенсионер аял үйгө кирип бара жатканда артынан келген эркек киши колундагы баштыгын жулуп, качып кеткен. Ошол учурда 71 жаштагы шаар тургуну тепкичтен ылдый кулаган. Кийин ооруканадан анын мээси чайкалып, акыреги сынган.
Бул факт КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине («Каракчылык») ылайык Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.
«Чүй облусундагы Сокулук районунун 28 жаштагы тургунун шектүү катары кармалды. Ал мурда дагы бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталды»,-деп айтылат маалыматта.

СЕЙФ УУРДАГАН ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ
Бишкек шаарында сейф уурдоого шектелип 2 жигит кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-август күнү милицияга С.А. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адамдар Орозбеков көчөсүндөгү кафеге кирип, ичинде 150 миң сом акча салынган сейфти уурдап кеткенин билдирген. Аны менен бирге шектүүлөр кассадагы 5 миң 460 сом, Xiaomi уюлдук телефонун уурдап кеткенин айткан.
Учурда келтирилген зыяндын өлчөмү такталууда. Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
«Кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Ы.М. жана 19 жаштагы К.Ж. аттуу жарандар кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган»,-деп айтылат маалыматта. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 262