• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Бейшеналиевдин бөгөт чарасына каршы арыз берилет. “Алтын тамга” сынагы кайра тапшырылбайт

6 Кулжа 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

БЕЙШЕНАЛИЕВДИН БӨГӨТ ЧАРАСЫ БОЮНЧА КАРШЫ АРЫЗ БЕРИЛЕТ

Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин бөгөт чарасына каршы шаардык сотко апелляциялык арыз даярдалууда. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.

Жактоочунун айтымында, мыйзам боюнча апелляциялык арыз тапшырууга беш күндүк убакыт берилет.

2-июнда Бейшеналиев жемкорлукка шектелип кармалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Андан тышкары министрликтеги жетекчилик кызматты ээлеген үч кишиге да иш козголуп, алардын экөө камакка алынды. 4-июнда Бейшеналиев менен Башкы прокурор Курманкул Зулушев президенттин тескемеси менен кызматынан убактылуу четтетилген.

“АЛТЫН ТАМГА” СЫНАГЫ КАЙРА ӨТПӨЙТ

Билим берүү жана илим министрлиги артыкчылык аттестат алуу укугун тастыктай албай калган окуучулар кайра сынактан өтөт деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирет.

Министрликтен кабарлашкандай, учурда “Алтын тамга” сынагынын жыйынтыгына даттанууга арыздар кабыл алынууда (компьютер эсептеген упайларды кол менен эсептоо). Апелляциянын жыйынтыгы талапкерлердин бардык арыздары каралгандан кийин чыгарылат.

Министрликтин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, «Алтын тамга» тестинин жыйынтыгы менен республика боюнча 80 талапкер артыкчылык үлгүдөгү аттестат алуу укугун тастыктаган.

Белгилей кетсек, быйыл ѳзгѳчѳ үлгүдѳгү аттестат алууга 2 миң 232 бүтүрүүчү талапкер болгон. Андан 1 миң 388 кыргыз тилинде, 803 орус тилинде жана 38 өзбек тилинде.

«Алтын тамга» сынагы мектепти 11-жыл «5» деген баага окуп, жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөткөн окуучулар үчүн көз карандысыз сынактык баалоо болуп эсептелет.

БАТИРДЕН ЭРКЕК АДАМДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Нарын шаарында батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Нарын шаарынын Таалай көчөсүндө жайгашкан үйдүн бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинен 72 жаштагы К.Н., аттуу эркек кишинин сөөгү табылган.

Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлгөн.

Количество просмотров: 292