• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Беларус Бакиевди өткөрүп берүүдөн баш тартты. Кумтөргө сырттан башкаруу токтотулду

25 Баш оона 2022 14:08 Бишкек Govori.TV

КУМТӨРГӨ ТЫШКЫ БАШКАРУУ ТОКТОТУЛДУ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, «Кумтөр» кенине берилген тышкы башкаруу режими токтотулду. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компанинин» расмий сайтында маалымдалат. Анда «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинги жана анын жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк эки апта ичинде эки жылда жасалган иштер тууралуу отчет бериши керектиги белгиленген. Эске салсак, «Кумтөр» компаниясын буга чейин жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана каржы директору Рыспек Токтогулов 23-августта мыйзам бузууларга байланыштуу кызматынан бошотулган. Бөлтүрүктүн ордуна Алмаз Барыктабасов дайындалган.

БЕЛОРУС БАКИЕВДИ ӨТКӨРҮП БЕРҮҮДӨН БАШ ТАРТТЫ

Беларустун Жогорку соту Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу агенттикке КР Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматта ага анын соттолушу «саясий куугунтукка» байланыштуу болгондугу себеп экендиги айтылат. Башкы көзөмөл органдан кабарлашкандай, соттун 2016-жылдын 29-июлундагы чечими менен мурдагы президент 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларга жана башка эпизоддорго байланыштуу 30 жылга эркинен ажыратылган.

«Мурдагы президентти жоопко тартуу өтүнүчү менен Беларуска төрт өтүнүч жөнөтүлгөн. Бирок Беларусь Республикасынын Жогорку соту арызды канааттандыруудан баш тартты. Алардын пикиринде, Бакиевдин соттолушу «саясий себептер менен куугунтукка» байланыштуу», — деп айтылат маалыматта.

БАЛЫК УУЛООГО КЕТКЕН ЖАРАН ИЗДЕЛҮҮДӨ

Чүйдө балык уулоого чыккан жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады. Маалыматка ылайык, Аламүдүн районундагы «Ала-Арча» суу сактагычына Маевка айылынын У.И. аттуу тургуну киши балык уулоого чыгып, кайра кайтып келбегиндиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

«Мындан улам издөө иштерин жүргүзүүгө 3 куткаруучу, буга кошумча саат 19:48де Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу жана ИИМден кызматкерлер тартылып, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында жоголгон адамдын кийими суу жээгинен табылган. Бул күнү кеч кирип кеткендигине байланыштуу жоголгон адамды издөө убактылуу токтотулуп, издөө иштеринен жыйынтык болгон жок»,-деп айтылат маалыматта. Издөө иштеринин натыйжасы боюнча кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 2359