ЖАПАРОВ АЛМАТЫГА БАРАТ
Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 1-2-февралда Казакстандын Алматы шаарына иш сапары менен барат.
Ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумуна жана санариптик эл аралык форумга катышат.
Ошондой эле Акылбек Жапаров Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
ДЗЮДО БОЮНЧА ЧЕМПИОНАТ ӨТӨТ
3-4-февраль күндөрү Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалытка ылайык, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
БИШКЕК-НАРЫН ЖОЛУНДАГЫ КАФЕЛЕР ЖАБЫЛДЫ
Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда жайгашкан төрт коомдук тамактануучу жай жабылды. Маалыматка ылайык, жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматына “Холодок”, “Fast food”, “Кофе с собой”, “Обжарка” объектилеринин тиешелүү укук аныктоочу жана укук күбөлөндүрүүчү документтерин тактап, аныктоо боюнча жарандардан арыз келип түшкөн.
Аталган объектилерди текшерүүдө тиешелүү укук аныктоочу жана укук күбөлөндүрүүчү документтери жок экендиги аныкталган. Жыйынтыгында, “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге жол боюндагы тейлөө обьекттерин мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” мыйзамына ылайык, аталган 4 объект толугу менен алынып, жер аянты калыбына келтирилди.