АСТАНАДА ЖЫЙЫН УЛАНДЫ
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Астана шаарындагы Конгресс-борборго келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Иш-чарага катышуу үчүн келген КМШ мамлекеттеринин башчыларын Конгресс борбордо Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.
Учурашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин өлкө лидерлери тар курамдагы жолугушуу залына өтүштү.
Иш-чаранын алкагында Шериктештиктин ичинде өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланып, КМШга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча бир катар документтер каралып, кабыл алынат.
Жыйында 2023-жылы КМШга төрагалык кылууну Кыргызстанга өткөрүп берүү жана мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумун Бишкек шаарында өткөрүү боюнча чечим кабыл алынышы күтүлүүдө.
КЫРСЫКТА 7 КИШИ КАЗА БОЛДУ
Бишкек-Ош унаа жолунда үрөй учурган жол кырсык катталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиршити.
Маалыматка ылайык, кырсык 13-октябрь күнү саат 17:00 чамасында болгон.
«Кырсыктын кесепетинен 7 киши каза болду. Арасында милиция кызматкерлери бар»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.
МАЛ УУРДАДЫ ДЕГЕН АДАМ КАРМАЛДЫ
Чүй облустук милициясынын маалыматына ылайык, Сокулук РИИБне арыз менен Б.С. аттуу жаран кайрылып, 10-октябрда Сокулук районунун Фрунзе айылындагы үйүнөн белгисиз жарандар баасы 240 миң сом турган сүт багытындагы асыл тукум уюн уурдап кеткендигин билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип 31 жаштагы А.Д. кармалып, убактылуу кармоо жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.