• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекке 144 жыл. Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама үчүн спортзалдын курулушу башталды

29 Чын куран 2022 14:13 Бишкек Govori.TV

БИШКЕК ШААРЫНЫН 144 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНҮҮДӨ

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаары өзүнүн 144 жылдыгын белгилеп жатат.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров шаар тургундарына куттуктоо жолдоду.

Куттуктоодо «Жашыл мурас» долбоорунун алкагында борборго быйыл 40 миңге жакын көчөт отургузулганы, борбор калаанын экологиясын жакшыртуу максатында газ менен жүрө турган автобустар алып келинери, «Акылдуу Бишкек» — «Келечек — 2030» концепцияларынын долбоорлору даярдалганы айтылган.

Билим берүү мектептериндеги окуу процесинде санариптик технологияларды колдонуу үчүн SMART-мектептердин ишин уюштуруу, 15 мектеп, бир бала бакчанын курулушу башталганы белгиленген.

Кыргызстандын борбору — Бишкек шаары 1878-жылы негизделген. Калкы 1 миллиондон ашкан шаардын жалпы аянты 16 миң гектарды түзөт.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА КЫРДААЛ

1-майдан тарта өлкө аймагына кирүүдө коронавируска ПЧР-тест, эмдөө жөнүндө сертифкат талап кылуу жокко чыкты.

Мындай чечим Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Эдил Байсалов өткөргөн Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, жакынкы аралыкта 2020-жылы 22-мартта өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал режиминин алуу маселеси каралат.

Мындан эки күн мурда Саламаттык сактоо министрлиги ооруканаларда коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптар жок экенин билдирген. Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус жуктуруп алгандар кескин азайып, айрым күндөрү катталбай жатат. Өлкөдө COVID-19га кабылгандардын жалпы саны 200 990 адам, 2991 бейтап көз жумду.

КЫЗ-КЕЛИНДЕР КҮРӨШҮ ҮЧҮН СПОРТЗАЛ КУРУЛА БАШТАДЫ

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарындагы кыз-келиндер күрөшү боюнча курама үчүн спортзалдын пайдубалына капсула салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Өлкө башчысы чогулгандар жана балбандар алдында сөз сүйлөп, кыз-келиндер үчүн оңойго турбаган спорттун бул түрүнөн ийгиликке жетишкен кыргыз кыздарынын ысымы эч качан унутулбай турганын айтты.

Президент 20 жыл ичинде кыргыздын балбан кыздары көптөгөн эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп келишкенин белгиледи.
Долбоорго ылайык, спортчулардын карамагында 1875,2 чарчы метр аянтта күрөш залдары, 16 орундуу ашкана жана башкалар бар. Долбоордун сметалык баасы 98,677 млн. сом, тендердик баасы 81,573 млн. сом. Учурда мекемеде спорт залдын имаратын куруу үчүн пайдубалдын чуңкуру 100% казылды.

Количество просмотров: 83