• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекте 17 жаштагы жигит уурдалды. Айзаданын өлүмү боюнча жаңы жагдайлар айтылды

4 Бугу 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы сегиз бейтап каза болду. Республикалык штаб билдиргендей, алардын алтоо — Бишкекте, экөө — Ысык-Көл облусунда. 4-майга карата 224 адамдан оору жаңы аныкталды. Мурда ооругандардан 202 киши айыкты. Ушуну менен өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1630га жетти. Илдетти жугузуп алгандардын жалпы расмий саны 96 561, айыккандар 90 146 кишини түздү. Кыргызстанда Кытайдын «SinoPharm» жана Орусиянын «Спутник V» вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий эсепте 3-майга карата 33 минден ашуун киши вакцина алды.

АЙЗАДАНЫН ӨЛҮМҮ БОЮНЧА ЖАҢЫ ЖАГДАЙЛАР

Айзада Канатбекованы уурдоо боюнча тергөө аяктап, иш сотко жөнөтүлдү. Жабырлануучу тараптын жактоочусу Нурбек Токтакунов иште жаңы жагдайлар пайда болгонун билдирди. Анын айтымында, соттук-медициналык экспертизада Бишкекте уурдалган Айзада Канатбекова киши колдуу болгонго чейин зордукталганы аныкталган. “Замирбек Теңизбаевге “адам уурдоо, өлтүрүү жана зордуктоо” беренелери менен айып коюлду. Ишти иликтөөдө маркум зордукталганы аныкталды. Айзада каршылык көрсөткөн. Эспертизада анын буту-колдору көгөргөнү аныкталды”, -деди Токтакунов.

БИШКЕКТЕ 17 ЖАШТАГЫ ЖИГИТ УУРДАЛДЫ

Бишкек шаарында кечээ 17 жаштагы уланды күч менен автоунаага салып уурдап кетишкен. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты. Окуя болжол менен 16:40тар чамасында болгон. Милициянын 102 кызматына Бишкек шаарынын Көлбаев көчөсүндө жашы жете элек баланы уурдап кетишти деген кабар түшкөн. Кайгуул милициясы айтылган жерге келип ак автоунаачан белгисиз адамдар 2004-жылы туулган У.Ж. аттуу уланды уурдап кетишкендиги тууралуу маалымат түшкөн. Көп өтпөй эле бул окуяга шектүү делген үч киши кармалды. Тартип сактоочулар издөө иштеринен кийин 30 жаштагы С.И., 24 жаштагы У.К., жана 29 жаштагы А.Н. аттуу адамдарды бул окуяга шектүү катары кармап, милиция бөлүмүнө алып келген. Аталган факт Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 170-беренеси («Адам уурдоо») менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Количество просмотров: 305