• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Бишкекте кинотеатр, фуд-корттор ачылды. Сарпашев мамлекетке 500 гектар жерди кайтарып берди

1 Бештин айы 202015:04 Бишкек Govori.TV

САРПАШЕВ 500ГА ЖЕРДИ КАЙТАРЫП БЕРЕТ
Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө мурунку биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекеттин балансына кайтарып берди. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Финансы полициясы мурунку биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча ишти тергеп жатат.
“Тергөөнүн жүрүшүндө Тайырбек Сарпашев Токтогул районунда жайгашкан мурда сатылып алынган жана өзүнүн жакын туугандарына катталган 500 гектар жайыт жерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтаруу ниетин билдирди. Кийинки жумада, Сарпашев жогоруда аталган жер тилкелерин Токтогул районунун Торкен айылынын балансына кайтарып берет”,-деп айтылат маалыматта.
Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы сотко чейинки өндүрүштү улантууда.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ
COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 1-декабрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы төрт кишинин өмүрүн алды. Ош облусунда эки, Чүй облусунда бир, Талас облусунда бир өлүм катталды.
Бир күндө дагы 371 кишиден жаңы аныкталды.
Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 73 178 адамды түздү. Анын 64711 киши сакайганы айтылды. Бир күндө 562 адам ооруканалардан айыгып чыкты.
Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1275 кишиге жетти.

КИНОТЕАРТЛАР АЧЫЛДЫ
Бишкекте кинотеатр, фуд-корт жана компьютердик клубдар ишин жандантты. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат жыйынында вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.
Анын айтымында, кечээ, 30-ноябрда шаардын аймагындагы ишкердик субъектилердин ишин жандандыруу боюнча токтомго кол коюлду.
“Ал мекемелерде санитардык талаптар аткарылышы керек. Алсак, кире бериште фильтр, бөлмөнү 15-20 мүнөт сайын желдетип туруу, социалдык аралыкты сактоо, жарандарда беткап болуп, шахматтык негизде отурушу керек”, – дейт ал.
Ошондой эле вице-мэр борбор калаадагы ресторан жана көңүл ачуучу жайлар ишин жандантып жатканын кошумчалап кетти.

Количество просмотров: 30