• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекте мейманканадан  чыккан өрт өчүрүлдү. Мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланды

26 Аяк оона 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

МЕЙМАНКАНАДАГЫ ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ

Бишкектеги Novotel мейманканасынан чыккан өрт саат 10:25те толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы үч күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт мейманкананын жер төлөөсүнөн чыккан.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

КЫРГЫЗ ТИЛИНИН 3 АЙЛЫГЫ ЖАРЫЯЛАНДЫ

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2023-жылдын 18-декабрына чейин “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялоо чечимин кабыл алды. Мындай кадам “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына ылайык жана КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан жарыяланган мамлекеттик тилдин үч айлыгынын аткаруу максатында өтөт.

Буйрукка ылайык, үч айлыктын алкагында министрликке караштуу бардык мекелерге иш кагаздарын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык мамлекеттик тилде жүргүзүү, улуттук үрп-адат, каада-салттарга байланыштуу көргөзмөлөрдү уюштуруу, Ч. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде мамлекеттик тилдеги спектаклдерди коюу жана башка иш-чаралар өтөт.

ТӨРАГАНЫН ӨЗБЕКСТАНГА БОЛГОН САПАРЫ БАШТАЛДЫ

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Өзбекстанга расмий иш сапары Ташкент шаарындагы «Эгемендүүлүк» монументине гүлчамбар коюу менен башталды.

Эскерте кетсек, бүгүн төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Өзбекстанга расмий иш сапарынын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө. Ал эми делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Азизбек Турсунбаев, Айсаракан Абдибаева, Гүлкан Молдобекова, Эльвира Сурабалдиева, Медербек Алиев бар.

Количество просмотров: 111