• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекте митинг өттү. Сургутта кыргызстандык жаран 20 жылга кесилиши мүмкүн

15 Үчтүн айы 2020 14:46 Бишкек Govori.TV
https://www.youtube.com/watch?v=Kcj0LpBGNW0&feature=youtu.be&fbclid=IwAR0tYZzHjG9XG2bpgvChJZuSGxUaQ4A-UmNEsuDN1umbe5NSpfMLOxt9l64

БИШКЕКТЕ ЧЕК АРА БОЮНЧА МИТИНГ ӨТТҮ
Бүгүн Бишкекте кыргыз-тажик чек арасындагы жанжалга байланыштуу митинг өтүп жатат. Акцияга Баткен облусунун тургундары жана жарандык активисттер катышууда.
Баткендиктер бийликтен Көк-Таш айлынын кармалган тургундарын бошотууну, жергиликтүү тургундарга басым көрсөтпөөнү талап кылышууда.
«Облус башчысына эч нерсе чече албаган кишини дайындап коюшту. Бизге Тажикстандын бийлиги менен тең ата сүйлөшө алган күчтүү жетекчи керек. Биздин айрым аткаминерлер коңшулардын кызыкчылыгы үчүн иштеп жаткандай сезилет», — дейт митингдин катышуучусу.
Нааразычылык акциясында өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров менен вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду кызматтан кетирүү талаптары айтылды.
«Жеңиш Разаковго ишеним жок. Ал отставкага кетиши керек», — дешет нааразы тарап.


АБАКТА МУРУНКУ МИЛИЦИОНЕР АСЫНЫП АЛДЫ
Жалал-Абад шаарынын убактылуу кармоочу жайынан соттолгон кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, сөөктү 14-январда камералардын биринен табышкан.
«Экспертизанын жыйынтыгында 42 жаштагы кишинин денесинен эч кандай кыйноонун издери табылган жок. Анын мойнунан жип табылды. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Каза болгон жаран мурда милиция болуп иштеген, аны терс мотивдер боюнча кызматтан кетиришкени маалым болду. Ага карата «Документтерди жасоо», «Куралдарды мыйзамсыз сактоо», «Каракчылык», «Баңгизатын мыйзамсыз сактоо жана таратуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Биринчи инстанциянын соту аны 7 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялаган. Учурда Жалал-Абад облустук соту ишти карап жатат», — деп билдиришти ОИИББдан.

СУРГУТТА КЫРГЫЗСТАНДЫК 20 ЖЫЛГА КЕСИЛИШИ МҮМКҮН

Кыргызстандык жаран Сургутта баңгизатын сатууга аракет кылгандыгы үчүн 20 жылга кесилиши мүмкүн. Бул тууралуу Орусиялык ЖМК жазды.
Маалыматка караганда, 28 жаштагы кыргызстандык 2019-жылдын ноябрында жашыруун жол менен синтетикалык баңгизатын алып, андан ары Сургутта сатып жиберүүнү көздөгөн. Полиция мыйзамсыз жүгүртүлгөн 200 граммга жакын баңгизатын таап чыгышты.
Шектүү камакка алынды. Ал 20 жылга эркинен ажыратылып, миллион рубль өлчөмүндө айып төлөшү мүмкүн.

Количество просмотров: 103