• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекте «#REакция» акциясы өттү. Бишкектин баңгизатка каршы мекемесинин башчысы кармалды

25 Жетинин айы 2019 14:58 Бишкек Govori.TV

БИШКЕКТИН БАҢГИЗАТКА КАРШЫ МЕКЕМЕСИНИН БАШЧЫСЫ КАРМАЛДЫ
Бишкекте Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгынын башчысы кармалды.
Маалыматка караганда, 7-ноябрда Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына жаран кайрылып, Н.Б. аттуу кызматкерге карата чара көрүүнү суранган. Айтымында, кызматкер 3 миң доллар пара талап кылып, анын жолдошуна карата козголгон кылмыш ишин оң жагына чечип берем деп убада кылган.
«23-ноябрда 50 миң сом пара алып жаткан жеринен Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгынын башчысы кармалды. Ал изин жашырууга аракет кылып качып жөнөгөн. Бул убакта ал арыз ээсин сүзүп алды. Шектүү кармалып УКМКнын тергөө абагындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп билдиришти УКМКдан.
Тез жардам кызматы жабырлануучуну ооруканага жаткырышты. Анын абалы туруктуу.


БИШКЕКТЕ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ МИТИНГ ӨТТҮ
Бүгүн, 25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «#REакция» жарандык акциясы өттү.
Акциянын катышуучулары «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген ураандарды айтып, бийликтен коррупция менен күрөшүүнү, жемкорлорду камоону талап кылышты.
Алар колдоруна Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун, президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөттөрүн жана өлкөдө мыйзамдуулукту талап кылган жазуулар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты. Ошондой эле футболдо эреже бузгандарга эскертүү катары көрсөтүлчү «сары айып кагазын» көрсөтүштү. Акциянын жыйынтыгында президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошту.
Бул акция «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланышына байланыштуу коомдо кызуу талкуу жаралган учурга туш келди.


БИШКЕК-ОШ ЖОЛУНДА КЫРСЫК КАТТАЛЫП 4 АДАМ КАЗА БОЛУП, 11 КИШИ ЖАБЫРКАДЫ
24-ноябрь күнү саат 23:50 чамасында Бишкек-Ош жолунун 163-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) «Мерседес-Спринтер» жана «Хонда-Степ» машинелеринин катышуусунда жол кырсыгы катталды.
Кырсыктын кесепетинен бир эркек бала жана үч аял киши мүрт кетип, 11 жабыркады (алардын аты-жөнү такталууда).
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, куткаруучулар жол кырсыгынан жаракат алгандарды «Тез жардам» кызматына, каза болгондордун сөөгүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Количество просмотров: 426