• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекте жасалма чет элдик валюта саткан адам кармалды. Өлкөдө вирус жугузгандар 78 миңден ашты

16 Бештин айы 2020 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 241 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ошол эле учурда 403 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 1 адам каза болгон: Ош облусунда – 1 киши. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 845 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 841 бейтап дарыланууда.

Бир күн ичинде өлкө боюнча 8 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 12, стационардан 3 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 78 миң 151 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 71 миң 270 киши айыгып чыкса, 1 миң 317 адам каза болду.

ЖАСАЛМА АКЧА САТКАН  ЖАРАН КАРМАЛЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат 14-декабрда Бишкек шаарынан ири суммадагы жасалма АКШ долларын алып жүргөн адамды кармаганын маалымдады.

1969-жылы төрөлгөн  жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүгү («Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки териштирүү иши ачылды.

Табылган чет элдик жасалма валюталары жогорку сапатта болгон жана атайын таркатуу максатында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн биринде даярдалган.

Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, тергөө башталды.

МИТИНГГЕ ЧЫККАН ТУРГУНДАРГА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРДҮ

Бишкек шаарынын четиндеги нааразычылык акциясына чыккан Ак-Жар жаңы конушунун жашоочулары тарап, айланма жол ачылды. Бул тууралуу Чүй ШИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жерине Аламүдүн райондук ИИБдин ыкчам-тергөө тобу барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Жыйынтыгында чогулгандар тарап, айланма жол ачылган.

“Учурда Аламүдүн районунун аймагында абал тынч”,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 15-декабрда Ак-Жарда тез-тезден электр жарыгынын өчүрүлүшүнө нааразы болуп, жашоочулар митингге чыгышкан. Алар айланма жолду тосуп, дөңгөлөктөрдү өрттөшкөн.

Количество просмотров: 88