• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкекте жол кырсыгынан 7 адам жабыркады. Мурдагы консул Эркин Сопоков кармалды

29 Жетинин айы 2019 13:43 Бишкек Govori.TV

ЖЭЭНБЕКОВ ТАШКЕНТКЕ КЕТТИ
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ташкент шаарына (Өзбекстан) Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун күн тартибине саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт жана коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы аймактык кызматташууну кеңейтүү маселелери киргизилген.
Экинчи консультативдик жолугушуунун алкагында Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушуусу болот.
Эске салсак, Биринчи консультативдик жолугушуу 2018-жылдын 15-мартында Нур-Султан шаарында (Казакстан) өткөн.


БИШКЕКТЕ ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 7 АДАМ ЖАБЫРКАДЫ
Бишкекте эл ташыган микроавтобус кырсыктап, жети киши жаракат алды. Маалыматка ылайык, кырсык Үмөталиев менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде саат 9:00дөр чамасында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаа эл ташыган микроавтобус менен кагышкан.
“Stepwgn автоунаасынын 30 жаштагы айдоочусу каршы тилкеге чыгып, маршрутка менен кагышкан. Жети киши жабыркап, жерине Тез жардам кызматы барган. Жаракат алгандардын арасында жаш балдар жок”, — деп айтылат маалыматта.


СТАМБУЛДАГЫ МУРУНКУ КОНСУЛ СОПОКОВ КАРМАЛДЫ
Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов ал 28-ноябрда суракка чакырылып, камакка алынганын билдирди.
Эркин Сопоков Стамбулда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу колго түшкөн.
Мурда Кыргызстанда ишкерлик менен алектенген Саймаитини 10-ноябрда кафеде отурган маалда белгисиз киши атып кеткен. Ал өлтүрүлгөн жерде токтоп турган «Range Rover» үлгүсүндөгү жолтандабас Эркин Сопоковго таандык экени, автоунаага тагылган дипломатиялык номер консулдуктун каттоосунда болгону ачыкка чыккан. 11-ноябрда Сопоков кызматтан бошотулган.
УКМК Сопоковдун кармалышы «Азаттык» радиосу жана «Kloop» сайты жарыялаган коррупция тууралуу иликтөөгө байланышы бар экенин да белгиледи. Ошондой эле Сопоковдун үстүнөн Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Мыйзамсыз баюу» өңдүү бир катар беренелер боюнча да иликтөө жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 194